Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Бишкек-Ош жолун тосуу уланып жатат


Окуя болуп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыз Санжар Эралиевдин маалымдашынча, тосулган жолдун эки тарабына миң чамалуу автоунаа топтолгон, анын ичинен 200 чамалуусу жүк ташуучу автоунаалар. Жүк ташуучу автоунааларда жашылча-жемиш ж.б. жүктөр бар. Айрым адамдар жүктөрүн көтөрүп, бир чакырым аралыкта тосулуп турган жолдун аркы тарабына өтүүгө аргасыз деп маалымдайт кабарчыбыз.

Эртеден бери митингчилер менен келип жолуккан расмий өкүлдөр болгон жок. Жол буугандардын талабы өзгөрүүсүз, алар 2-июнда УКМК тарабынан кармалган лидери Медер Үсөновдун, “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотууну, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык ишкана менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылышууда. Маалыматтарга караганда оорулуу кишилер, сөөк алып бара жаткандар өткөрүлүүдө.

Бишкек-Ош жолу Сузактын Датка айлынын тушунан 2-июндан бери митингчилер тарабынан тосулуп турат.(SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG