Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:09

Кыргызстан-Орусия куралдуу күчтөрү “Достук-2013” машыгуусуна катышат


Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү 5-июндан 10-июнга чейин батальондук тактикалык машыгуудан өтүшөт. Кыргыз тараптан Коргоо министрлигинин оперативдүү тобу, миномет бөлүгү, абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учмалары жана башка аскердик бөлүктүн жоокерлери катышат. Орусия тараптан Бириккен аба базасынын чабуул коюучу учактары катышмакчы.

Машыгуу №30630 аскер бөлүгүнүн Баткен облусунун Бужум айылындагы полигондо өтөт, анда Кыргызстан менен Орусиянын аскерлери өзгөчө оор шарттарда мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операция жүргүзүшөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG