Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Муфтият Бишкек-Ош жолун буугандарга кайрылды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн тараткан кайрылууда кан жолдо сапар тартып бара жаткандардын жолун тосуу шариятка туура келбеген иш болору белгиленген. Анда “кан жолдо шыпаа тилеп ооруканага бараткандар, мөмө-жемиш сатып оокат кылгандар, балалуулар, кары-картаңдардын акылары жол тоскондордун моюнуна илинип калуусунан Алла Талаа өзү сактасын” деп айтылат. Ошондой эле кайрылуу ээлери жол тосуу эмес, жолдо жаткан таш, сөөк же тикенди алып коюу мусулман үчүн чоң соопчулук иш экенин белгилешип, ар кандай маселени ийри отуруп, түз чечүүнү сунуш кылышкан.

Жалал-Абадда Медер Үсөновдун, Камчы Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун боштондукка чыгарылышын талап кылган тарапкерлери 2-июндан бери Бишкек-Ош жолун 586-чакырымдан бууп турушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG