Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:07

Медер Үсөнов жол тосуп турган тарапкерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү


Кабарчыбыздын маалыматы боюнча сүйлөшүү учурунда камакта жаткан Медер Үсөнов тарапкерлерин сабырдуулукка чакырып, өзүнүн бошонуп калуу ыктымалдыгын билдирди.

Жол буугандар саат экиге чейин күтүшөрүн, жолдун ачылар-ачылбасы сот чечиминен көз каранды экенин белгилешүүдө. Митингчилердин айрымдары эгер камактагылар бошотулбаса, нааразылык чаралары андан ары күчөтүлөрүн айтып жатышат.

2-июнда УКМК тарабынан камакка алынган Медер Үсөновдун баш коргоо чарасын сот бүгүн түштөн кийин карашы күтүлүүдө.(SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG