Бүгүн эрте менен жолдун Жайыл районунун тушунда күйүүчү май ташып бараткан автомашина кырсыкка учураган. Андагы 35 тоннадай бензин агып кеткенине байланыштуу учурда Жайыл районунун Сосновка айыл аймагынын Сосновка айылында, Талды-Булак айыл аймагынын Кайырма, Бөксө-Жол жана Бекиташ айылдарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду. Учурда санитардык эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери суунун ичүүгө жарактуу же жараксыз экенин текшеришүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” кабарлады.(ZKo)