Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Жүк ташуучулар жолду ачууну талап кылып чыгышты


Кыргызстандын жүк ташуучулар Бишкек-Ош жолун ачууну митингчилерден талап кылып, мындан карапайым калк гана жабыр тартып жатканын айтышууда. Алардын өкүлү Марат Абдралиев бүгүн маалымат жыйынында билдиргендей, тосулган жолун эки тарабында токтоп турган унаалардагы жүктү убагында белгиленген дарегине жеткире албай, ишкерлерге оор болууда. Анын айтуусунда түштүк тарапка курулуш материалдары менен дары-дармектер, ал жактан болсо негизинен тез бузулуучу жашылча-жемиштер өтө албай турат.

“Бир эле автомашинадагы кокон гиластын баасы 60-70 миң доллар турат, ага транспорттук чыгымдарды кошо эсептегенде канча болот? Мындан карапайым дыйкан менен насыя акча алган ишкер гана күйүп атат”-дейт Марат Абдралиев.

Маалыматтарга караганда айрым жүк ташуучу ишканалардын коңшу мамлекеттер менен “жүктү убагынан кечиктирбей жеткирүү боюнча” келишимдери бар.
Жүк ташуучулар митингчилерден жол бөгөөнү токтотууну өтүнүп, алардын аракетинен карапайым эл жабыр тартуусуна жол бербөөсүн суранышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG