Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Обама Атамбаевге ыраазылык кат жиберди


Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы кабарлаганы боюнча катта Барак Обама өткөн айда кырсыктаган учакта каза тапкан америкалык учкучтардын өлүмүнө байланыштуу кыргыз президентинин көңүл айтуусуна ыраазылыгын билдирген.

АКШ президенти кырсык учурундагы куткаруу иштери, кырсыктын себептерин иликтөөгө көрсөткөн көмөгү үчүн да ыраазылык айтып, кырсыктын себептерин аныктоо андан каза тапкандардын үй-бүлөлөрү үчүн жана мындан ары андай кырсыктардын алдын алууда маанилүү экенин көрсөткөн.

Аягында Обама Кыргызстан акыркы он бир жылдан бери Ооганстанда тынчтык орнотууда АКШнын айныгыс өнөктөшү болуп келгени үчүн да АКШ элинин атынан ыраазылыгын билдирип, кыргыз элине тандап алган демократиялык келечекти курууга Америка жардам берүүгө даяр экенин кошумчалаган.

3-майда Чүйдүн Чалдыбар айылына жакын жерде АКШнын Транзиттик борборуна караштуу “Боинг 707” учагы кулап, анын бортундагы үч учкуч курман болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG