Вашингтон Батыш Африкадагы террорчу ислам уюмдарынын башчыларын табууга жардамдашкан маалымат үчүн 23 млн. доллар убада кылды.
АКШ Мамдепартаментинин билдиришинче, Ак үй Африкадагы террорчулардын башчылары үчүн биринчи жолу байге сайды. Анын 7 миллион доллары Нигериядагы "Боко Харам" уюмунун лидери Абубакар Шекоу тууралуу маалымат үчүн берилет. "Боко Харам" бир нече кандуу булоонду уюштурган.
Акчалай сыйлык Ислам Магрибиндеги “ал-Каиданын”, Батыш Африкадагы Биримдик жана Жихад кыймылынын, “Канга касам ичкендер батальонунун” мүчөлөрү тууралуу маалымат бергендерге да каралган..