Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

БУУ Сирияда химиялык куралдар колдонулганына толук ишенет


Улуттар уюмунун изилдөөчүлөрү Сирияда чектелүү өлчөмдө химиялык куралдар колдонулган деп айтканга “олуттуу негиз” бар деп ишенишет. Бирок комиссия бүгүн жарыялаган билдирүүдө кандай химиялык зат колдонулганын жана аларды ким колдонгонун так айтканга далилдер жетишсиз экени, ошондой эле “согуш кылмышы жана адамзатка каршы кылмыш жасоо Сирияда күнүмдүк көрүнүшкө айланганы” белгиленет.

20дан ашык адистен турган комиссия март-апрель айларында төрт жолу химиялык чабуул болгону тууралуу кабарды жабыркагандар, дарыгерлер жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып иликтешүүдө.

БУУнун эсеби боюнча, эки жылдан ашуун убакыттан берки Сириядагы булоондо 80 миңден ашуун адамдын өмүрү зобун болгон.

XS
SM
MD
LG