Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Медербек Үсөнов бошотулду


2-июнда УКМК камакка алган Медербек Үсөнов бүгүн бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Искендер Журабаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн УКМКнын тергөө башкармалыгында Үсөновго Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу боюнча Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча айып угузулуп, жеке кепилдик менен бошотулду.

Үсөнов үчүн ким кепилдик алганы айтылган жок. Журабаев белгилегендей, Үсөновдун камалганына 48 саат болбогондуктан мыйзамга ылайык, тергөөчүнүн соттун чечимисиз бошотууга укугу бар. Медербек Үсөнов Жалал-Абадга жөнөп кетти.

Медербек Үсөновдун камакка алынганына байланыштуу жекшембиден бери Жалал-Абаддагы тарапкерлери Бишкек-Ош жолун тороп турушкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG