Сузактын Барпы айылында Бишкек-Ош жолун тосуп тургандар Медербек Үсөнов Жалал-Абадга келген соң гана жолду ачаарын билдиришүүдө. Бул тууралуу жеринде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Анын айтымында, учурда нааразылык акциясынын 500дөн ашуун катышуучусу Үсөновдун Жалал-Абадга келишин күтүп жатышат.
31-майдагы Жалал-Абад облустук акимиятын басып алуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Медербек Үсөнов жеке кепилдик менен бүгүн бошотулуп, Жалал-Абадга жөнөп кетти. Ал үчүн ким кепилдик алганы белгилүү боло элек.
Үсөновго Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча айыптар тагылууда. (BkA\SE)