Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Курманбек Бакиев Беларус жарандыгын алганын тастыктады


Бул жөнүндө экс-президент орусиялык “Интерфакс” агенттигине курган бүгүнкү маегинде билдирди. Анда Бакиев 2010-жылдан бери Беларустун жарандыгын алганын тастыктаган. Мындан улам аны Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу өтүнүч мыйзамга жатпай турганын билдирген. Ошондой эле ал саясаттан толугу менен кеткенин жарыялап, учурдагы бийликти мамлекетти башкарууга жөндөмсүз деп атады.

Курманбек Бакиев 2010-жылы апрел ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган соң Беларуста чыгып кеткен. Ага 90дон ашык адамдын өмүрү кыйылган апрел окуялары митингчилерге ок атуу боюнча бир нече айып тагылган.

Ушул жылдын февралында мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер соту Бакиевди 24 жылга жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүрү өткөнчө эркинен ажыраткан.
XS
SM
MD
LG