Бул тууралуу "Азаттыкка" Медербек Үсөновдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады. Анын айтымында, Үсөнов "Ата Журт" фракциясынын 4 депутатынын жеке кепилдиги менен чыккан. Бирок Үсөнов Ошко кетүү үчүн “Манас” аба майданына баргандан кийин жарым саат өтпөй аны УКМКга түшүнүксүз жагдайда кайра алып кетишти. Адвокат учурда УКМК Үсөнов кандай негизде кармалганын түшүндүрбөй жатканын кошумчалады.
УКМК басма сөз кызматынан болсо "Азаттыкка" бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере албастыгын айтышты жана Үсөновдун кайра камалганын тастыкташкан да, төгүндөшкөн да жок.
2-июнда камакка алынган Медербек Үсөновго бир аз мурда эле Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу боюнча айып угузулуп, жеке кепилдик менен бошотулган эле. 31-майда Жалал-Абад облустук акимчилигин ээлеп алган топ аны "элдик губернатор" деп жарыялашкан. Ал камалгандан бери Жалал-Абаддагы тарапкерлери лидерин бошотуу талабы менен Бишкек-Ош жолун тосуп турушат. (BkA)