Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Экс-банкир Аблязовдун үй-бүлөсүнө документ жасаган чиновниктер соттолду


Казакстандын батышындагы Атырау шаардык соту качкын банкир Мухтар Аблязовдун үй-бүлөсүнө чет өлкөгө чыгуу үчүн мыйзамсыз документ жасап берген бир нече адамды соттоду.

Миграция кызматынын мурдагы эки кызматкери 22 миң доллар пара алып, Аблязовдун аялы менен үч баласына жана төрт тууганына жасалма документ жасап берген деп айыпталып, жети жылдан тогуз жылга чейин кесилди. Дагы бир айыпкер эки жылга эркинен ажыратылды.

Өткөн ишембиде Аблязовдун аялы Алма Шалабаева жана кызы Италиядан Казакстанга өткөрүлүп берилген. Маалыматтарга караганда, аларда Борбордук Африка Республикасынын жасалма паспорту болгон. 50 жаштагы Мухтар Аблязовдун айтымында, Италия бийликтери аялын Казакстанга жөнөтүп, өмүрүнө коркунуч туудурган.

Президент Нурсултан Назарбаевдин элдешкис сынчысы Аблязов 2009-жылы Казакстандан Евробиримдикке чыгып кеткен. Азыр кайда жүргөнү белгисиз.

XS
SM
MD
LG