Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Үсөновдун кармалышы Биринчи май райсотунда каралат


Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматы Медер Үсөнов кепилдикке койо берилген соң кайра кармалышынын себебин түшүндүрдү. Ага ылайык, УКМКнын кызматкерлери Үсөновдун тергөө абагында 48 саатка жакын кармалышынын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн аны аба майдандан кайтарышкан:

- Кыргызстандын Башкы мыйзамына ылайык, кылмышка шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда алгачкы 48 саат кармалган соң анын мыйзамдуулугун сот аныкташы зарыл. УКМКнын тергөө башкармалыгы Үсөновду кепилдик менен эле койо бергенде мындай норма аткарылбай калган экен. Тергөөчүнүн айтымында, бул жараянды аткаруу үчүн Үсөнов кайра алып келиниптир. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук соту Медер Үсөновдун 48 саатка жакын тергөө абагында кандай негизде кармалганын караганы жатат. Андан кийин Медер Үсөнов эркиндикке койо берилиши керек.

2-июнда камакка алынган Медербек Үсөновго бүгүн кечке жуук Жалал-Абад облустук акимиятты ээлеп алуу боюнча айып угузулуп, “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын жеке кепилдиги менен бошотулган эле. Бирок жарым саат өтпөй ал түшүнүксүз жагдайда кайра кармалганы айтылган.

Үсөновго 31-майдагы Жалал-Абад облустук акимиятын басып алуу фактысы боюнча айып тагылган. Ал камалгандан бери Жалал-Абаддагы тарапкерлери лидерин бошотуу талабы менен Бишкек-Ош жолун тосуп турушат. (BkA)

XS
SM
MD
LG