Чукул кырдаалдар министрлиги 3-4-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын жана мөндүрдүн кесепет-зыянын тактоо боюнча комиссия түздү. Министрликтин маалыматы боюнча, бул жаратылыш кырсыгынан, бир топ айылдарда ички чарбалык көпүрөлөр, үйлөр короосу менен жабыркаган.
Министр Кубатбек Боронов комиссияга тазаланбаган арыктар, курулбаган селканалар жана дамбалар боюнча чукул арада сунуш берүүнү тапшырды. Эгер башка мамлекеттик мекеме-министрликтер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сел боюнча эскертмелерди аткарбаганы аныкталса, аларга чара көрүү боюнча өкмөттө маселе коюларын эскертти. (EBM)