Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Камчыбек Ташиев ачкачылыгын токтотту


"Ата-Журт" партиясынын абактагы лидери Камчыбек Ташиев 1-июндан бери кармап келаткан ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу 5-июнда УКМКнын абагында Ташиев менен жолугуп чыккан Азимбек Бекназаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, беш күнгө созулган ачкачылыкта Камчыбек Ташиев бир топ жабыркаган. Бирок аксакалдардын өтүнүчү менен акциясын токтотту. Ташиев өзүнүн ачкачылык акциясын Жети-Өгүз жана Жалал-Абаддагы нааразылык акциясына чыккандарга тилектештик максатында жасаган.

XS
SM
MD
LG