Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Жети-Өгүздө оор жараат алган адам реанимациядан чыга элек


Жети-Өгүз районундагы каршылык акциясында жаракат алып Бишкекке алынып келинген үч жигиттин экөөнүн абалы жакшы, бирөөнүн абалы оор. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук госпиталдын башкы врачынын хирургиялык иштер боюнча орун басары Орозалы Көчөров билдирди.

“Дүйшеев менен Касымбековдуку жакшы, тамак ичип жатышат. Бирок, чыгарыш үчүн убакыт керек. Ал эми Асанбеков реанимацияда. Абалы оор, бирок стабилдүү”, - дейт Көчөров.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы каршылык акциясында жаракат алгандардын абалы оор делген үчөө 1-июнда Коргоо министрлигинин тик учагы менен Бишкекке алынып келинген.(МТо)

XS
SM
MD
LG