Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Атамбаев түндүк-түштүк кошумча жолду курууну тездетүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Расмий маалыматка ылайык, Атамбаев өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жолду куруу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Өткөн айда президент Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган жол курулса, андан коңшу мамлекеттер да пайда табарын айткан. Ага ылайык, бул жол аркылуу Өзбекстанды айланып өткөн Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан каттамын уюштурууга болот. Эгер Кыргызстан менен Тажикстан Бажы биримдигине кирип калса, жолдун мааниси артат.

Балыкчы - Жалал-Абад унаа жолуна 700 миллиондой доллар керектиги айтылган. Долбоорго ылайык, жол Балыкчы - Кочкор - Чаек - Көкөмерен-Казарман - Жалал-Абад аркылуу өтөт.

Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт. Альтернативдүү жол курулса, узундук 300 чакырымга азаят. Андан сырткары кошумча жумушчу орундар түзүлөт жана жол аралап өткөн аймактар өнүгөт.

Кара жолго жанаша темир жол да куруу болжолдонууда. Бирок азырынча өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жолду куруу качан башталары, керектүү каражат кайдан алынары маалым эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG