Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

ЖК: Депутат Исаков менен Шамил Атаханов кайым айтышты


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков менен вице-премьер-министр Шамил Атаханов кайым айтышты. Буга Атахановдун Жети-Өгүздө “Водолаз” деген каймана аты бар кримдүйнөнүн өкүлү аталган Максат Абакировдон кечирим сурады деп айтканы үчүн Исмаил Исаковду сотко берери тууралуу билдирүүсү себеп болду. Исаков Атахановдун аны жалган айтты деген дооматтарын четке какты. Максат Абакиров менен чогуу болгон видеонун көрсөтүлүшүн, Атахановдун кечирим сурашын талап кылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG