Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Чунуев: Кумтөрдө борпоң тектин жылышы жайлады


Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев бүгүн парламентте депуттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Темири эленген борпоң тек толугу менен башка жакка көчүрүлгөнгө чейин анын жылышы экологиялык каатчылыкты жаратпай турганын айтты.
Айрым депутаттар бул билдирүүгө ынабай жатат. Буга чейин борпоң тек күнүнө 3,5 метрге жылып жатканы маалымдалган.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кенинде темир аралашпаган тек (порода) катмарынын жылышы боюнча жагдайды талкуулаган болчу. Анда окуяны жеринен териштирүү үчүн Кумтөргө атайын өкмөттүк комиссия жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Атамбаев кенди иштеткен Centerra Gold компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин буга байланыштуу аракеттерине да тиешелүү баа берилиши керектигин эскерткен эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG