Бүгүн түштөн кийин куткаруу иштеринин негизинде былтыр каза болгон Орусиянын жараны, альпинист Сергей Чернышевдин сөөгү табылды. 2-июнда башталган куткаруу иштерине Чукул кырдаалдар министрлигинин алты өкүлү, орусиялык 7, кыргызстандык 2 альпинист катышты.
Чернышев былтыр 28-декабрда Ош облусуна караштуу Алай районундагы Жаңы-Айдар –Така коктусунда кар көчкүнүн алдында калып каза болгон. Ошол маалда сөөктү издөө кооптуу болгондуктан, иш жай айларына жылдырылган болчу. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлиги кабарлады. (EBM)