Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин жыйынында Кумтөр боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын ишин сынга алды. Үч айдын ичинде алгылыктуу иш болбогонун, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр ачык-айрым жүрбөгөнүн белгиледи. Сүйлөшүүлөрдөн белгиленген мөөнөткө чейин жыйынтык чыкпай жатканын билгенден кийин, комиссия буга чейин убакытты узартып берүү тууралуу кайрылбаганын айтты. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, маселени бир жаңсыл кылып чечүү үчүн дагы үч ай убакыт берилиши керектигин кошумчалады. Турсунбеков эгер өкмөт бул убакыттын ичинде дагы эле маселеге чекит кое албаса анда тарашы керек деп билдирди. (EBM)