Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Наваз Шариф үчүнчү кызмат мөөнөтүнө киришти


63 жаштагы премьер-министр Наваз Шариф бүгүн Пакистандын өкмөт башчысы катары үчүнчү кызмат мөөнөтүн баштады.

Саясий жактан туруксуз өлкөдө премьер мынча узак иштеген учур буга чейин болуп көргөн эмес. Шариф бүгүн жаңы шайланган парламентте 342 депутаттын 244үнүн колдоосуна ээ болду. Парламенттин төмөнкү палатасындагы добуш берүүдөн кийин сүйлөгөн Шариф «Пакистан үчүн демократия түп-негиз шарт экендигин далилдөөгө мезгил келгендигин» айтты.

- Жаңыланууну улантуу үчүн мен ушул парламенттин, Пакистандын сабаттуу элинин жана кемчиликтерди сайып көрсөтүп, көйгөйлөр менен күрөшкө көмөктөш болучу эркин маалымат каражаттарынын жардамына муктажмын. Пакистан баарыбыздын мекенибиз, ошондуктан, ар бирибиз салым кошуубуз керек.

Жаңы өкмөт электрдин такай үзгүлтүккө учурашы, быкшып калган экономика жана тез-тез болуп туруучу террордук чабуулдар өңдөнгөн көйгөйлөр менен алышмакчы. Быйыл Шарифтин аскердик төңкөрүштө бийликтен четтетилгенине 13 жыл толууда. Сауд Арабиядагы алты жылдык сүргүндөн ал 2007-жылы кайтып келген.

XS
SM
MD
LG