Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Ооган-тажик-түркмөн темир жолу курулат


Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери үч өлкөнү бириктирүүчү жаңы темир жолдун курулушун салтанаттуу ачышты.

Түркмөнстандын түндүк-чыгышындагы Лебаб дубанындагы салтанатка президенттер: Хамид Карзай, Эмомали Рахмон жана Гурбангали Бердымухамедовдор катышты. Алар Атамурат шаарынын жанындагы темир жолдун алдында келечек муундарга кайрылуу катылган убакыт шишесин көмүштү.

Президенттер бул курулуш боюнча меморандумга март айында кол коюшкан. Алгачкы баскычта темир жол Атамурат шаарын Түркмөнстандагы Ымам-Назар шаары менен бириктирет. Жол андан ары Ооганстандын Акина-Андхой шаарларына барып, Түркмөнстанды Ооганстан, Тажикстан менен бириктирет.
XS
SM
MD
LG