Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

АКШ: аскер16 адамды өлтүргөнүн моюнуна алды


АКШнын Вашингтондогу аскер сотунда армиянын сержанты Роберт Бейлс былтыр Ооганстанда 16 жай тургунду өлтүргөнүн моюнуна алды. Мындай аракет сержантка өлүм жазасынан кутулууга мүмкүнчүлүк берет. Эми август айында аскер соту сержантты өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарышы мүмкүн.

Ооганстан жана Ирактагы согуштук операцияларга катышкан 39 жаштагы Бейлсге Кандагар провинциясында он алты киши өлтүрүү жана жети кол салуу кинеси боюнча айып коюлган. Бейлстин адвокаты ал күнөөсүн моюнуна алса, өлүм жазасына тартылбайт деп прокурорлор менен макулдашууга жетишкендигин өткөн аптада кабарлаган.

XS
SM
MD
LG