Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Сатыбалдиев Жалал-Абаддагы кырдаал тууралуу маалымат берет


Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абаддагы акыркы күндөрдөгү окуялар жана учурдагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат берет. Шаршембиде Сатыбалдиев Жалал-Абад облусуна барып, нааразы болгон тургундардын талаптары менен таанышып кайткан.

“Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери 2-июндан тарта Сузак районундагы Барпы айылынын аймагында Бишкек-Ош жолун бууп салышкан. Алар камактагы депутаттарды, Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу фактысы боюнча камакка алынган Медербек Үсөновду бошотууну талап кылышкан. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган кан жол шаршемби күнү Үсөнов боштондукка чыккан соң ачылды. Ага чейин митингчилер облустук акимиятты ээлеп алышкан болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG