Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Анын айтымында, Кумтөр кенинен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 100 миллион сомдон ашык каражат айрым адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонулган. Мындан улам Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобу ишти иликтеп жатат.

Буга чейин 27-майдан 1-июнга чейин Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөр кени боюнча нааразылык акциясын өткөргөн. Андагы талаптардын бири - Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондундагы каражатты аймакты өнүктүрүүгө жумшоо болгон. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүзгө барганда, мындан кийин фонддогу каражатты облус тургундары көзөмөлдөй турганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG