АКШ президенти Барак Обама Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Сьюзан Райсты өзүнө коопсуздук маселери боюнча кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу Обама Вашингтондогу маалымат жыйынын жүрүшүндө кабарлап, Райсты “үлгүлүү кызматкер” жана “өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын баарынан бийик койгон патриот” деп атады. Райс ушул жылдын 1-июлунан тарта кызматтан кете турган Том Донилонду алмаштырат.
Бул дайындоону Сенаттагы республикачылар сындап чыгышы мүмкүн. Партия мүчөлөрү былтыр, Ливиядагы АКШ элчилигине кол салуудан кийинки Райстын билдирүүлөрүн сынга алышкан. Бирок коопсуздук боюнча кеңешчини дайындоого Сенаттын макулдугун алуунун зарылчылыгы жок.
АКШнын БУУдагы өкүлдүгүнө ушул жылы Ак үйдө кеңешчиликтен кеткен Саманта Пауэр дайындалат деп күтүлүп жатат.