Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жыйында парламентти таркатууну каалаган күчтөр көп деп билдирди. Айрым депутаттар да мындай демилгени колдоп келгенин, алар да тышкы күчтөр менен байланышы бар болушу ыктымалдыгын айтты. Жээнбеков парламент дарегине айтылган дооматтарды четке какты, жаңы нукта иштеп жаткан биринчи парламент экенин, кийинкилери мындан да жакшы болорун белгиледи.
Кыргызстанда айрым оппозициялык күчтөр парламентти өзүн-өзү таркатууга чакырып келет. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш мөөнөтү бүткүчө иштеши керек деген позицияда турат. (EBM)
Кыргызстанда айрым оппозициялык күчтөр парламентти өзүн-өзү таркатууга чакырып келет. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш мөөнөтү бүткүчө иштеши керек деген позицияда турат. (EBM)