Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:29

Менчиктештирилген бала бакча имараттары өкмөткө кайтарылат


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү
Ашырбек Темирбаев имараттарды ушул жылдын 1-августуна чейин кайтарып алуу боюнча тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырма берилгенин билдирди.

Март айында парламент менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтарып алуу, бардык бала бакчаларды каттап, жаңы бала бакча курууга кетүүчү чыгымды эсептөө тууралуу токтом кабыл алган.

Буга чейин Башкы прокуратура текшерүүнүн негизинде 50гө жакын бала бакча жана мектеп имараттары мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталганын билдирген.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, өлкөдө 700гө чукул бала бакча жетишпейт. 1990-жылдары 1,5 миңден ашуун бала бакча болсо 2007-жылы алардын саны 488ге чейин азайып кеткен. Учурда өлкө боюнча 741 бала бакча иштейт. Кыргызстанда мектепке чейинки балдардын 86 пайызы бала бакчага барбайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG