Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Жаштар чек ара маселелерин чечүүнү талап кылууда


Ушу тушта Ак үйдүн алдында Кыргызстан жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана Баткенден келген жаштардан турган 15 чакты адам нааразылык акция өткөрүп жатат. Кабарчыбыз Азиза Култаеванын маалымдашынча, алар чек арадагы айылдарга көңүл буруу, апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны тыкыр иликтөө, жабыр тарткандарга жардам берүү, компенсация өндүрүп берүү талаптарын коюп жатат. Маалыматка караганда чыгым 16,5 миң доллар болгон.

Ушул жылдын 27-апрелинде Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда ворухтуктар бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жол куруп жаткандарга кол көтөрүшкөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, бир нече унаа жана сарай өрттөлгөн. 31-майда ушул эле айылда эки улут өкүлдөрү ортосунда калайман мушташ катталган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG