Бишкекке Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы Коргоо комитетинин төрага орун басары Виктор Заварзин баштаган депутаттар келди. Алар эртең, 7-июнда Ысык-Көлдө эки өлкөнүн парламенттер аралык комиссиясынын 4чү жыйынына катышат. Бүгүн болсо Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугат. Ошондой эле Борбор Азиядагы аймактык кызматташууну өнүктүрүүдөгү парламенттин ролу тууралуу жыйынга барат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)