Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Бишкек: МАИчилердин теңине жакыны аттестациядан өтпөй калды


Бул тууралуу укук коргоочу, сынак-аттестациялоо комиссиясынын мүчөсү Калича Умуралиева билдирди. Ага ылайык, сынакка катышкан 43 кызматкердин 21и кулап калды. Дагы 7 кызматкер алты айдан кийин кайра аттестацияга катышуу шарты менен өттү.

Умуралиеванын билдиришинче, Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынак жарыяланган. Бүгүнкү күнү 81 адам арыз берген. Алардын үчөө гана тартип коргоо органында иштебейт, калгандарынын баары милиция кызматкерлери. Эки ай мурун башталган МАИчилердин аттестациясы дээрлик аяктап калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG