Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Пхеньян Түштүк Корея менен сүйлөшүүгө макул



Бүгүн Коммунисттик Түндүк Кореянын телеканалы тең орток Каесонг өндүрүштүк комплексин кайра ачуу боюнча сүйлөшкөнгө Пхеньян даяр экенин билдирди:

-Биз Түндүк жана Түштүктүн жетекчилери арасында Каесонг комплексинин ишин калыптандыруу жана Кумганг тоосуна зыяратка барууну кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш эттик. Сүйлөшүүдө, албетте, бөлүнгөн үй-бүлөлөр менен туугандарды бириктирүү сыяктуу адамзаттык маселелер талкууланары калетсиз.

Түндүк Кореяда жайгашкан Каесонг комплекси акыркы айларда эки ортодогу мамиле осолдоп кеткенде жабылган болчу.

Түштүк Кореянын биригүү министрлиги Пхеньяндын сунушун “оң” баалап, сүйлөшүүнүн деталдары тез арада жарыяланарын маалымдады. Пхеньян-Сеул арасындагы мамиле декабрда Түндүк Корея космоско спутник учуруп, февралда ядролук сыноо өткөргөндөн кийин өтө солгундап кеткен.

XS
SM
MD
LG