Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Нью-Йорк: перс килеми 34 млн. долларга сатылды


Иранда 17-кылымдын башында согулган перс килеми Нью-Йорктогу аукциондо 33, 7 миллион долларга сатылды. Эксперттер килем ашып барса 10 млн. долларга сатылат деп боолгошуп, баштапкы баасына 5 млн. доллар коюшкан.

Sotheby cоода үйүнүн маалымдашынча, жүзүмдүн жалбырактары жана ажайып гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн килемди шаршемби күнү, белгисиз калууну каалаган кардар телефон аркылуу сатып алган. Сефевиддер дооруна таандык килемди Вашингтондогу Corcoran сүрөт галлереясы 1926-жылы АКШ сенатору Вильям Кларктан сатып алган. Буга чейин персиялык чеберлер жасаган килем 2010-жылы апрелде Лондондо 9,6 млн. долларга сатылган болчу.

XS
SM
MD
LG