Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Парламент бачабаздарды бычуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды


Жогорку Кеңеш бүгүн бачабаздарды (педофил) химиялык кастрациялоо жөнүндө үч кодекске киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорду кабыл алды.

Кылмыш-жаза жана Жаза аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамды кастрациялоо соттун жана атайын экспертизалык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин билдиришинче, Кыргызстанда соңку эки жылда жашы жете элек наристелер сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар эки эсе көбөйгөн. Маселен 2010-жылы педофилия боюнча 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан.

Буга чейин айрым укук коргоочулар Кыргызстанда сот адилеттиги күмөн жаратаарын айтып, азырынча химиялык кастрациялоону киргизүү эрте деген пикирлерин билдиришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG