Жогорку Кеңеш өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден Ысык-Көл жана Жалал-Абаддагы окуялар боюнча маалымат алып жатат.
Премьер-министр "окуяларды андан ары курчутпоо боюнча өкмөт болгон чараларды көрдү" деп билдирди. Окуялар болгон аймактарга атайын топтор барганын белгиледи. Бирок Ысык-Көлдө митингчилер баш бербей, калайман кагылышуу, тартип коргоо органдарына кол салуу болгонун моюнуна алды. Жети-Өгүздөгү окуядан кийин 6 адам дарыланып жатканын, алардын бирөөсүнүн абалы оор экенин маалымдады. Учурда кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынганын, Кумтөр маселеси чечилип жатканын кошумчалады. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөргө байланыштуу болгон нааразылык акция жана андан кийинки калайман кесепетинин чыгымы 4 миллион долларды түзгөнүн билдирди. (EBM)