Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Азербайжанда сын сөз айтуу кылмышка теңелди


Азербайжан президенти Илхам Алиев интернет сайттарда адамдарды каралаган жана кемсинткен маалымат таратууну кылмышка теңеген мыйзамга кол койду. Мындай маалымат таркатты деп айыпталган адам эми үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзам долбоору буга чейин парламент тарабынан бекитилген эле. Жаңы мыйзамды сөз эркиндигин коргоочулар сындашууда.

Азербайжандын Журналисттердин эркиндиги жана коопсуздугу институтунун билдиришинче, жаңы мыйзам “катуу көзөмөл астында өткөнү жаткан президенттик шайлоо алдында сөз эркиндигине урулган чоң сокку болду”.

Азербайжанда президенттик шайлоо 16-октябрда өтөт. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму буга чейинки Азербайжандагы бардык жалпы элдик шайлоолор эл аралык нормаларга ылайыксыз өткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG