Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Жалал-Абад: митингчилердин губернаторго дооматы жок

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге парламентте Ысык-Көлдөгү окуядан кийин губернатор кызматтан алынганы, ал эми Жалал-Абаддыкы ордунда калганы тууралуу суроо берилди.

Сатыбалдиев 5-июнда Жалал-Абадда облустук акимчиликтин короосунда митингчилер менен жолукканда алар өкмөттүн аймактагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматовго дооматы жок экенин айтышканын, ал ишин улантууга толук моралдык укугу бар деп билдирди.

Ал эми Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Асанакунов Жети-Өгүзгө караштуу Саруу айылында 2-майда өткөн митингге барбай койгонун, ошондо коюлган талаптарга көңүл бурбай койгону үчүн кызматтан алынганын билдирди. (EBM)
Куржундар
XS
SM
MD
LG