Бул жөнүндө Владимир Путин жана Людмила Путина бейшемби күнү "Россия 24" телеканалына чогуу берген маегинде айтышты. Кабарчынын «Сиздер өтө сейрек бирге жүрөсүздөр. Ошон үчүн чогуу жашабайт деген имиш сөздөр бар. Ушундайбы?» - деген суроосуна 61 жаштагы В. Путин: ”Чын. Менин ишмердигим, жумушум түздөн-түз эл алдына чыгууга байланышкан. Бул бирөөгө жакса, кимдир бирөөгө жакпайт. Людмила Александровна андайды жактырбайт. Ал сегиз жыл жоопкерчиликтүү милдетти аткарды. Ажырашуу жалпы чечим болду,” - деп жооп берди. Людмила Путина экс-күйөөсүнүн сөзүн ырастап: “Чын, биз цивилизациялуу жол менен ажыраштык” - деп кошумчалады.
Владимир Путин менен Людмила Шкребнева 1983-жылы баш кошкон. Экөөнүн 28 жаштагы Мария жана 25 жаштагы Екатерина деген эки кызы бар. 2008-жылы Орусиянын кээ бир маалымат булактары Владимир Путиндин белгилүү гимнаст, Мамдуманын мүчөсү Алина Кабаева менен жакын мамилеси бардыгын, ага үйлөнө турганын жазып чыгышкан. Кээ бир батыштык булактар болсо экөө балалуу болгонун маалымдашкан. 30 жаштагы Алина Кабаева Ташкенде туулуп-өскөн татар кызы, дүйнөнүн мурдагы чемпиону. (AU)