Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Эксперттер мамлекеттеги кырдаалды талкуулайт


Бүгүн Бишкектеги “Достук” мейманканасында саясатчылар, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү азыркы кырдаал жана андан чыгуу жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Акыйкат” партиясынын лидери, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов маалымдады. Анын айтымында, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарындагы маселелер толугу менен чечилген жок, мунун натыйжасында кайра толкундоолор чыгышы ыктымал.

Акыркы күндөрү Жети-Өгүз районунда жана Жалал-Абад шаарында нааразылык акциялар болуп өттү. Анда жетиөгүздүктөр Кумтөр кенин иштетүү боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен келишимди жокко чыгарууну талап кылса, Жалал-Абаддагылар камактагы “Ата-Журт” партиясынын депутаттарын бошотуу талабын айтышып, Бишкек-Ош жолун торошту.(BkA)

XS
SM
MD
LG