Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Эрдоган Түркияга кайтып келди


Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өлкөсүндөгү толкундоолордон улам Африка өлкөлөрүнө жасаган сапарын токтотуп, Түркияга кайтып келди. Бүгүн таң эртеден өкмөт башчыны Стамбулдагы аба майданында миңдеген тарапташтары тосуп алды. Алардын алдында сүйлөгөн Эрдоган өлкөдөгү нааразылык акцияларын "мыйзамсыз" деп атап, тезинен аякташы зарыл экенин билдирди.

31-майда Стамбулдун Таксим сейил багын кайра пландаштырууга каршы чыккан митингди полиция күч менен таркаткан. Бул антиөкмөттүк толкундоонун башталышына себепкер болуп, ал башка шаарларга да жайылып кеткен.

Эрдоган Таксим аянтындагы сейил бакты кайра пландаштыруу токтотулбай турганын билдирди. Соңку маалыматтар боюнча, бир апта мурда башталган толкундоолордун кесепетинен 3 адам өлдү. Полиция менен тирешүүлөрдө 4 миңге жакын адам, анын ичинде жүздөгөн полиция жараат алган. Вице-премьер-министр Бүлент Арынч полициянын митингчилерге каршы аёосуз мамилеси үчүн кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG