Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Мал-жандыкты каттоо тууралуу мыйзамга кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев малдын башын идентификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Документке ылайык, ири мүйүздүү малды каттоо кийинки жылы, жылкыны 2015-жылы, кой-эчкилерди 2016-жылы, ал эми үй канаттууларын, аарыларды каттоо 2017-жылы башталат.

Буга чейин айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев малды паспорттоштуруу үчүн 19 миллион доллар керектигин билдирген. Кыргыз өкмөтү чыгымдардын 5 пайызын жаба аларын, 1 миллион долларды түрк өкмөтү бөлүүгө макул болгонун маалымдады.

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзам жок болгондуктан барганын жана мыйзам кабыл алмайын сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирген. Марттан баштап Казакстан тарап Кыргызстандын эки сүт комбинатынан сүт азыктарын кайра сатып ала баштаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG