Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Депутаттар соту: айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын Бишкек шаардык сотунда айыпталуучулар суралууда. Биринчи болуп Камчыбек Ташиевдин жансакчысы Камчыбеков көрсөтмө берди. Ал 3-октябрда митингде өз милдетин гана аткарганын, нааразылык акцияга тиешеси жоктугун айтты. Ташиевдин бийлик басып алуу тууралуу чакырыгын укпаганын билдирди. Бардык документтери бар желим октуу тапанча алып жүргөнүн, нан, чучук кесүү үчүн унаасында дайыма бычак салып жүрөрүн, ал эми “Сайга” маркасындагы мылтык башка бирөөнүкү болгонун билдирди.

Май айынын башында шаардык сот Ташиевдин үч жансакчысын үй камагына чыгарган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG