Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

Жалал-Абад: Ташиевдин иниси УКМКда көрсөтмө берип жатат

Күч түзүмдөрүндөгү “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын кабарлашынча, ушул тушта камактагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абаддагы башкармалыгында көрсөтмө берип жатат.

Буга чейин Ташиевдин талапкерлерине Жалал-Абадда облустук акимчиликти басып алуу, андан кийин Ош-Бишкек жолун тосууга байланыштуу кылмыш иш козголгон болчу. Нааразылык акциянын катышуучулары элдик губернатор деп дайындаган Медербек Үсөнов УКМКнын тергөө абагына камалып чыккан эле. (EBM)
Куржундар
XS
SM
MD
LG