Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Премьер-министр Эрдоган демонстрацияларды токтотууга чакырды


Эрдоган жактоочулары алдында. 7-июнь, 2013-жыл.
Эрдоган жактоочулары алдында. 7-июнь, 2013-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган мындай чакырыкты Тунистеги иш сапардан бүгүн таңга маал Стамбулга кайтып келгенде жасады:

- Биз кимдир бирөөлөрдүн мыйзамсыз аракеттерине, вандализмге, шаарлардагы жеке менчик талкаланып, адамдар зыян тартышына көз жуумп койо албайбыз.

Эрдоганды Стамбулда миңдеген жактоочулары тосуп алды. Ал мунун алдында өкмөт шаардын Таксим аянтындагы борбордук сейил бакта курулуш жүргүзүү пландарынан баш тартпай турганын кайрадан белгилеген.

Анкара менен Стабулда болсо демонстрациялар өткөн түнү да улантылып, Эрдоганды өкмөт башчылыктан кетүүгө үндөөлөр кайталанды. Демонстранттар менен полициянын буга чейинки кагылыштарынан үч адам өлүп, төрт миңдей киши жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG