Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Орусия Кыргызстан менен Беларустун Бакиев боюнча талашына кийлигишпейт


Бул тууралуу Орусиянын Беларустагы элчиси Александр Суриков Минскте жума күнкү басма сөз жыйында билдирген. Орус элчиси: “Бул Беларус менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилеси жана алар эл аралык келишимдерге ылайык өздөрү чечип алышы керек. Орусия бул проблемага кийлигишүүгө камынган жок”, - деди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустан мурдагы президент Курманбек Бакиев менен бир тууганы Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүнү суранып келе жатат. Беларус тарап болсо өтүнүчтөрдү четке кагып келүүдө.

Өлкөнүн Башкы прокурору Александр Конюк Курманбек Бакиев Беларустун жараны болгондуктан, ал башка өлкөгө өткөрүлүп бере албасын белгилеген.

К.Бакиев Кыргызстанда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу 24 жылга, иниси Жаныш Бакиев өмүр боюу түрмөгө кесилген. Бакиевдер ошондой эле апрель окуяларындагы адамдардын өлүмү үчүн да айыпталышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG