Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Еврошаркет түрк полициясынын демонстрациялардагы аракетин иликтөөгө чакырды


Жума күнү Стамбулдагы конференцияда Еврошаркеттин кеңейүү иштери боюнча комиссары Стефан Фүлө:

- Полициянын демонстрациялар учурунда ашыкча күч колдонушу демократияга шайкеш келбейт. Муну бийлик да моюнга алып жатканына мен кубанычтамын. Азыр ыкчам жана ачык-айкын иликтөө башталып, күнөөлүүлөр жоопко тартылганы маанилүү.

Эрдоган болсо Еврошаркеттин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бул сөздөрүнө жооп кайтарып жатып:

- Эгер эмне болуп жатканын карасаңар, саясий күн тартиптен улам бул окуяларды манипуляциялап жаткан адамдар өзүлөрүн демократиялык талаптарды чындап сурагандардан алдыга коюуда.

Мунун алдында Эрдоган Стамбулдун Таксим аянтында курулуш жүргүзүү пландарынан баш тартпай турганын кайрадан белгилеген. Түркиядагы азыркы толкундоолор Таксимдеги сейил бакты коргоодон улам башталган.

Демонстранттар менен полициянын буга чейинки кагылыштарынан үч адам өлүп, төрт миңдей киши жаракат алган. Демонстранттар премьер-министрди авторитардык башкарууга ык алганы үчүн айыпташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG