Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

КТРК тууралуу мыйзам өзгөрдү


Президент Алмазбек Атамбаев Коомдук телерадио корпорация тууралуу мыйзамды өзгөртүп-толтуктоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешинде парламенттик оппозициядан бирден кем эмес өкүл болушу керек. Башкы директордун шайлануу мөөнөтү 5 эмес, 4 жыл болуп азаят жана андан башка коомдук-саясий жана диний кызматты ээлөөгө тыюу салынат.

Ошондой эле корпорациянын иши тууралуу жылдык отчет бекитилбей калган маалда жана мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү макул болгондо башкы директорду мөөнөтүнөн мурда бошото алат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG